Боёктордун коопсуздугу боюнча жаңы техникалык регламенттин долбоору даярдалды

Новости
10-Ноябрь 2025-ж.
167

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын кароосуна «Лак-сырдоо материалдарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентти кабыл алуу маселеси чыгарылды.

Техникалык регламенттин долбоору лак-сырдоо продукциясына карата коопсуздук талаптарын, ошондой эле анын маркалоо эрежелерин жана Биримдиктин рыногунда жүгүртүүгө чыгаруу тартибин аныктайт.

Жаңы жоболор учурдагы улуттук мыйзамдарга салыштырмалуу кыйла катаал талаптарды камтый турганын белгилөө зарыл.

Ушуга байланыштуу лак-сырдоо продукциясын өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген ишкер субъекттерге жаңы талаптарды аткаруу мүмкүнчүлүгүн алдын ала баалоо жана зарыл учурда өндүрүштүк процесстерди, документтерди жаңы шарттарга ылайыкташтыруу чараларын көрүү сунушталат.

Онлайн кайрылуу