Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров баштаган Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында, "С5+1" форматынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган иш-чаралар болуп өттү. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 2025-жылдын 6-ноябрында "Борбордук Азияга кантип инвестиция салуу керек" деген панелдик сессияда сөз сүйлөдү.
Министр өз сөзүндө аймактын дүйнөлүк экономикадагы стратегиялык ролун белгилеп, "C5+1" форматынын ишенимди бекемдөө, өнөктөштүктү кеңейтүү жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүү үчүн натыйжалуу платформа катары маанисин баса белгиледи.
Иш-чаранын жыйынтыгында министр Бакыт Сыдыков 2026-жылдын 4–6-февралында Бишкекте "B5+1" Регионалдык бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылгандыгын жарыялады. Форум Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын ортосундагы жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо жана кызматташтыкты практика жүзүндө бекемдөө үчүн негизги аянтча болот.