Министр Бакыт Сыдыков АКШда кыргыз-америкалык Ишкердик кеңешинин жыйынын өткөрдү

Новости
07-Ноябрь 2025-ж.
164

2025-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Америка Кошмо Штаттарына "С5+1" форматынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган иш-чарага катышуу үчүн болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков кыргыз-америкалык Ишкердик кеңешинин тегерек столун өткөрдү. 

Министр Кыргызстан стратегиялык инвестициялар үчүн ачык бойдон кала берерин жана чет элдик өнөктөштөргө долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында ачык-айкын шарттарды, туруктуулукту жана мамлекеттик колдоону көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи. Министр өлкө реформа жолу менен ишенимдүү жылып баратканын жана региондун туруктуу өнүгүүсү үчүн кыргыз-америкалык ишкердик өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого үмүттөнөрүн белгиледи.

Онлайн кайрылуу