Министр Бакыт Сыдыковдун Маалымат жана басма сөз Күнүнө арналган куттуктоосу

Новости
07-Ноябрь 2025-ж.
163

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Урматтуу маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар чын дилимден куттуктаймын!

Сиздердин эмгегиңиздер мамлекет менен жарандардын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө, ачыктыктын жана ачык-айкындуулуктун принциптерин жайылтууга чоң салым кошууда.

Министрлик менен биргеликте өлкөдө жүрүп жаткан экономикалык реформаларды, демилгелерди жана долбоорлорду чагылдыруудагы жогорку кесипкөйлүгүңүздөр жана тыгыз өнөктөштүк мамилеңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.

Сиздерге чыгармачылык ийгилик, түгөнгүс энергия, ишиңиздерге ийгилик, окурмандарыңыздардын ишеними жана туруктуу өнүгүү каалайм. Үй-бүлөңүздөрдө бакубат жашоо, тынчтык жана бакыт орносун!»

Урматтоо менен

Министр Б. Т. Сыдыков

Онлайн кайрылуу