⚠️ ВНИМАНИЕ! Данный сайт министерства больше не актуален. Перейдите на новый официальный сайт министерства: 🔗 Перейти сейчас

Бишкекте Кыргызстанда тигилген продукциялардын жарманкеси өтүп жатат

Новости
07-Ноябрь 2025-ж.
2030

Бишкек шаарынын Эски аянтында Кыргызстанда тигилген продукциялардын жарманкеси өтүп жатат. Жарманке үч күнгө пландаштырылып, 9-ноябрга чейин уланат.

Иш-чара Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору, Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулду.

Жарандар жана шаар коноктору жарманкеге келип, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоп, алардын продукциялары менен таанышып, түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн жеткиликтүү баада алардын продукцияларын сатып ала алышат.

Жарманкеде жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн алдыңкы ишканалары өз продукцияларын — өлкөдө өндүрүлгөн сапаттуу кийимдерин жана текстиль буюмдарын сунуштоодо.

Иш-чаранын негизги максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, алардын продукцияларын ички жана тышкы рыноктордо илгерилетүү жана ишкерлер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү.

Онлайн кайрылуу