«Туруктуу туризмди өнүктүрүү. Көмүртек изин кыскартуу»

Новости
06-Ноябрь 2025-ж.
89

2025-жылдын 6-ноябрында Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Медербек Тумановдун төрагалыгы алдында «Туруктуу туризмди өнүктүрүү. Көмүртек изин кыскартуу» аттуу тегерек стол жыйыны болуп өттү. Иш-чара жыл сайын өткөрүлүп келген «Жашыл экономика» форумунун алкагында уюштурулду.

Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыргыз туристтик уюмдар ассоциациясы (КАТО) менен биргеликте өткөрдү. Иш-чара GIZ программасы – «Жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүгүүсү» (Германия Өкмөтү, Европа Биримдиги жана Швейцария Өкмөтү тарабынан биргелешип каржыланган) жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду.

Тегерек столдун негизги максаты — аймактарда туруктуу туризмди өнүктүрүү боюнча практикалык чараларды талкуулоо, көмүртек бөлүнүүлөрүн кыскартуу жана жашыл экономика чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү бекемдөө болду.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, туристтик бизнес өкүлдөрүнүн жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Катышуучулар туристтик тармакка экологиялык стандарттарды киргизүүнүн, жашыл демилгелерди илгерилетүүнүн жана жергиликтүү жамааттарды колдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Талкуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында аз көмүртек жана туруктуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган сунуштар иштелип чыкты.

Онлайн кайрылуу