2025-жылдын 5-ноябрында Каракол шаарында GIZ Программасынын «Жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүгүшү» боюнча Регионалдык Байкоочу кеңешинин жыйыны болуп өттү. Программа Германия Өкмөтүнүн, Европа Биримдигинин жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.
Жыйынга министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишкерлер ассоциацияларынын, жеке сектордун жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө Программанын 2024-жылдын октябрынан 2025-жылдын октябрына чейинки ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы пландар талкууланды. Катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча отчетторду угушту:
“Жашыл” саясат;
“Жашыл практикалар”;
“Жашыл тандоо”.
Жыйындын жыйынтыгында өлкөнүн аймактарында жашыл экономиканы жана жеке сектордун туруктуу өнүгүшүн мындан ары илгерилетүү боюнча сунуштар иштелип чыкты.