Кыргызстан Янлин жогорку технологиялар жарманкесинде экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө

Новости
03-Ноябрь 2025-ж.
91

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин КЭРдеги өкүлчүлүгү 2025-жылдын 25-29-октябрында Янлин шаарында өткөн 32-Кытай Янлин жогорку технологиялуу айыл чарба жарманкесине катышты. 

Көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын стенди уюштурулуп, анда бал, кургатылган жемиштер, жаңгактар, ар кандай таттуулар жана башка продукциялар сыяктуу ата мекендик айыл чарба азыктары көрсөтүлдү. 

Көргөзмөгө катышуу Кыргызстандын агрардык секторунун экспорттук мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө жана кытайлык өнөктөштөр менен байланыш түзүүгө мүмкүндүк берди. Иш-чаранын алкагында КР ЭКМнин КЭРдеги Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба продукцияларын илгерилетүү, жеткирүү жана сатып алуу маселелерине арналган жыйынына да катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүгү тааныштырылып, агрардык тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү келечеги талкууланды.

Онлайн кайрылуу