Кыргызстан менен Азербайжан экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү маселесин талкуулашты

Новости
31-Октябрь 2025-ж.
196

2025-жылдын 30-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун Азербайжан Республикасынын экономика министринин биринчи орун басары Элнур Алиев менен жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын көп тараптуу форматта да, эки тараптуу өз ара аракеттенүү алкагында да активдүү өнүгүп жаткандыгы белгиленди. Тараптар соода-экономикалык мамилелерди мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашты, ошол эле учурда Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишин активдүү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө, инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана өнөр жайды, сооданы жана экономиканын башка приоритеттүү тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле ишкердик демилгелерди колдоо жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишин активдештирүүгө умтулуу ырасталды.

Онлайн кайрылуу