Кыргызстан менен Азербайжан Өнүктүрүү фондунун кеңешинин жыйынында жаңы инвестициялык долбоорду жактырышты

Новости
31-Октябрь 2025-ж.
182

2025-жылдын 30-октябрында Бишкек шаарында Азербайжан Республикасынын экономика министринин биринчи орун басары Элнур Алиевдин төрагалыгы алдында Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун кеңешинин алтынчы жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Азербайжандын жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө тараптар ички ченемдик актыларга киргизилген өзгөртүүлөрдү карап чыгып, бекитишти, ошондой эле Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кулун дарыясында кубаттуулугу 5,4 МВт болгон кичи ГЭС куруу боюнча инвестициялык долбоор жактырылды. 

Долбоорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын чыңдоого, импорттон көз карандылыкты азайтууга жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого мүмкүндүк берет. 

Долбоордун жалпы наркы 5,2 миллион АКШ долларын түзөт, анын ичинен Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарабынан каржылоонун суммасы 2,5 миллион АКШ долларын түзөт. 

Ошондой эле башка актуалдуу маселелер талкууланып, башка долбоорлор менен кошумча таанышуу жүргүзүлдү.

Онлайн кайрылуу