КР Экономика министрлигинде “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу маалымат жыйыны болду

Новости
31-Октябрь 2025-ж.
179

2025-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министр Бакыт Сыдыков менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин катышуусунда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу маалымат жыйыны болуп өттү.

Министр белгилеп кеткендей, мамлекеттин экономикалык абалына жооптуу негизги министрлик катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жогоруда аталган уңгужолдо аныкталган көптөгөн милдеттер жүктөлгөн. Атап айтканда, уңгужолдо белгиленген салык салуу, жеке менчик, экспорт, экономикалык инновациялар, ата мекендик өндүрүш, жашыл экономика жаатындагы иш-чаралар КР ЭКМ 2025-жылдын 23-июнундагы буйругу менен бекитилген “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына киргизилген. “Мамлекетке кызмат кылуу ыйык, ал эми анын күрөө тамыры болгон экономикасын өнүктүрүү чоң жоопкерчилик. Ал жоопкерчилик – улуттун кызыкчылыгынын айланасында дүйнөлүк деңгээлдин багытында гана жүрүп келет. Ар бирибиздин ниетибизде Кыргыз мамлекетинин бакубат жашоосу турат.” – деп, белгиледи Бакыт Сыдыков. 

Мелис Мураталиев уңгужолдун негизги принциптери, негизги багыттары, максаттары, милдеттери жана күтүлгөн натыйжалары жөнүндө, тактап айтканда, күчтүү мамлекет үчүн адептүү, жоопкерчиликтүү атуулдарды- патриотторду калыптандыруу менен мамлекеттик, коомдук саясий, жарандык институттардын ишмердигин бирдиктүү нукка буруу жөнүндө айтып берди.

Уңгужол ар бир жарандын белгилүү бир жүрүм-турумун жана ой-жүгүртүүсүн аныктоочу ынанымдардын, анын руханий адеп-ахлактык баалуулуктарын жана турмуштук таянымдарды калыптандыруучу идеологиялык негиз болууга тийиш. Уңгужолдун башкы багыттары: тарбия, илим, билим жана маданият; айлана-чөйрө; экономика; мамлекеттик тил; социалдык мамилелер; дене тарбия жана спортдин.

Онлайн кайрылуу