Дүшанбе шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Улуттук комитеттеринин 14-аймактык жыйыны болуп өттү

Новости
31-Октябрь 2025-ж.
198

Тажикстандын Дүшанбе шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Улуттук комитеттеринин (СЖЖУК) кезектеги — 14-аймактык жыйыны болуп өттү. Иш-чара Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) тапшырмасы менен Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү» аймактык долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Жыйынга Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн экономика, транспорт, бажы, азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле жеке сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар региондогу соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү демилгелерин илгерилетүү боюнча кызматташтыкты чыңдоонун жолдорун талкуулашты.

Жолугушуунун негизги максаты — тажрыйба алмашуу, жетишилген натыйжаларды талкуулоо жана регион өлкөлөрү үчүн жалпы приоритеттерди аныктоо аркылуу соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жаатындагы аймактык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын делегациясы соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды жана жетишилген жыйынтыктарды сунуштап, учурдагы демилгелердин натыйжалуулугун талкуулап, бизнестиң реформаларга катышуусунун ийгиликтүү мисалдары менен бөлүштү. Айрыкча соода жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча аймактык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду. Бул долбоорлор аймактагы сооданын натыйжалуулугун, ачык-айкындуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Пленардык жыйындардан тышкары, СЖЖУКтун Региондук платформасынын алкагында аныкталган артыкчылыктуу багыттар боюнча — санариптештирүү, кагазсыз соода, транспорттук-транзиттик системаларды өркүндөтүү жана электрондук фитосанитардык сертификаттарды (ePhyto) киргизүү боюнча жумушчу топтордун талкуулары өттү. Бул талкуулардын максаты — соода процесстерин эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү жана гармониялаштыруу боюнча практикалык кадамдарды иштеп чыгуу.

Онлайн кайрылуу