#КРЭКМ “Эт жана эт продукциясынын коопсуздугу боюнча” ББнин техникалык регламентинин долбооруна өзгөртүүлөр коомдук талкууга чыгарылгандыгын маалымдайт

Новости
30-Октябрь 2025-ж.
126

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Бажы биримдигинин «Эт жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» (ТР ТС 034/2013) техникалык регламентинин түшүнүктүк аппаратынын айрым жоболорун тактоого багытталган №2 өзгөртүүлөр долбоорун коомдук талкууга чыгарылганын маалымдайт.

Документ Евразия экономикалык биримдигинин расмий сайтында жарыяланган: https://regulation.eaeunion.org/pd/3240/

Коомдук талкуунун аяктоо күнү — 2026-жылдын 17-январы.

Өзгөртүүлөр долбоору боюнча сунуштар жана пикирлер төмөнкү тартипте Евразия экономикалык комиссиясына, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин:

 • жазуу жүзүндө: 119121, Москва ш., Смоленский бульвары, 3/5, стр. 1 дареги боюнча;

 • электрондук почта аркылуу: dept_techregulation@eecommission.org;

 • же Евразия экономикалык биримдигинин расмий сайтындагы жеке кабинет аркылуу жөнөтүлүшү зарыл.

Онлайн кайрылуу