Кыргызстан менен Түркия өнөр жай жана технология тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү макулдашышты

Новости
27-Октябрь 2025-ж.
129

2025-жылдын 24-октябрында Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай, илим, технология жана инновациялар боюнча экинчи министрлер жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түркия Республикасынын өнөр жай жана технология министри Мехмет Каджыр менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти, өзгөчө көңүл өнөр жай тармагындагы өз ара аракеттенүүгө бурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында технопарктарды жана индустриалдык зоналарды түзүү маселелерин, ошондой эле бул багытта Түркия Республикасынын алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен биргелешкен чараларды көрүү боюнча макулдашууларды белгилешти.


Онлайн кайрылуу