Баку шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Азербайжан Республикасынын экономика министри Микаил Джаббаровдун жолугушуусу болуп өттү.
Бакыт Сыдыков кыргыз тарап Азербайжан Республикасы менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө көп тараптуу жана эки тараптуу форматтарда өзгөчө маанилүү көңүл бурарын белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Азербайжан–Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн жана Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин талкуулашты. Аталган комиссиянын алтынчы жыйыны быйыл декабрь айында Баку шаарында өтөт деп пландалууда.
Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын оң динамикасы жана туруктуу өнүгүүсү белгиленди. Катышуучулар өз ара соода көлөмүн көбөйтүү боюнча кошумча чараларды кабыл алуу зарылдыгын баса белгилешти. Кыргызстандын статистикасынын маалыматына ылайык, соода жүгүртүүнүн көлөмү 7,7 млн АКШ долларын түзөт.
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн транзиттик потенциалын натыйжалуу пайдаланууга кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуу достук, өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү диалог маанайында өттү.