2025-жылдын 24-октябрында. Баку шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Өнөр жай, илим, технологиялар жана инновациялар боюнча министрлеринин 2-жыйынына катышты.
Министр уюмдун өсүп бараткан ролун белгилеп, бүгүнкү күндө ТМУнун ишмердүүлүгү кызматташуунун дээрлик бардык тармактарын камтып жатканын айтты. Айрыкча, өнөр жай, илим, технологиялар жана инновациялар боюнча министрлер жыйынына өзгөчө көңүл бурулуп, анын чечимдери практикалык экономикалык кызматташуунун негизги багыттарын аныктап берери баса белгиленди.
Иш-чаранын жыйынтыгында Коммюнике жана ТМУнун 2025–2026-жылдарга карата өнөр жай, илим, технологиялар жана инновациялар тармактарында кызматташуу боюнча жаңыланган иш-аракеттер планына кол коюлду. Документте приоритеттүү багыттар: илимий-изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар (R&D), жасалма интеллект жана өнөр жай өндүрүшүндө санариптик трансформация, инновациялык экосистема жана ишкердик, метрология, стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо, продукциялардын коопсуздугу, өнөр жай, интеллектуалдык менчик камтылды.