2025-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Германия Федеративдик Республикасынын Бундестагынын депутаты Шлефан Майер жана Кыргыз Республикасындагы Германия Федеративдик Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-немис экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги, инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери, ошондой эле «Кыргызстандын улуттук экономика күнү Германияда» аттуу бизнес-форумуна жана 2025-жылдын 27–29-ноябрында Берлин шаарында өтө турган 5-Бизнес кеңешинин даярдыгын талкуулашты.
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.