«Жашыл экономика үчүн жашыл көндүмдөр»

Новости
24-Октябрь 2025-ж.
257

2025-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Борбор Азиядагы «Жашыл экономика үчүн жашыл көндүмдөр» аймактык долбоорунун жетекчиси Удо Фолькер менен жолугушту. Долбоорду Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) ишке ашырууда.

Программа жаштар менен аялдардын жашыл экономика тармактарында – кайра жаралуучу энергия, сууну рационалдуу пайдалануу, калдыктарды башкаруу, тигүү өнөрү, курулуш жана туризм сыяктуу тармактарда – ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана «жашыл» көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар квалификациялуу кадрларды даярдоо, ошондой эле туруктуу өнүгүү жаатындагы мыкты тажрыйбаларды жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан ары кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Онлайн кайрылуу