Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору демилгеленгендигин билдирет.
Токтом долбоору 2026-жылдан 2029-жылга чейинки мезгилде айрым алкоголдук продукцияларга акциздик салыктын ставкаларынын бара-бара жогорулашын жана курамында кант бар балдардын ичимдиктерин акциздик салыктан жана акциздик марка менен маркалоодон бошотууну алып салууну карайт. Мисалы, акциздин төмөнкүдөй динамикасы сунушталууда
- Спирт, арак, ликер-арак буюмдары, күчөтүлгөн ичимдиктер, күчөтүлгөн ширелер жана бальзамдар: 2025-жылы литрине 160 сомдон 2026-жылы 200 сомго чейин (40 сомго жогорулоо). Кийинки жылдары ставка жыл сайын 20 сомго көбөйүп, 2029-жылга карата литрине 260 сомду түзөт.
- Шарап: 2025-жылы литрине 20 сомдон 2026-жылы 25 сомго чейин (5 сомго жогорулоо). Андан кийин жыл сайын ставка 5 сомго өсүп, 2029-жылы литрине 40 сомго жетет.
- Көбүктүү шараптар, анын ичинде газдалган шарап жана шампан: 2025-жылы литрине 45 сомдон 2026-жылы 50 сомго чейин жыл сайын 5 сомго көбөйүп 2028-жылга чейин (60 сом), ал эми 2029-жылы акциздин ставкасын литрине 70 сом кылып белгилөө сунушталууда.
- Коньяк (коньяк спиртинен тышкары): 2025-жылы литрине 100 сомдон 2026-жылы 140 сомго чейин (20 сомго жогорулоо). Андан ары ставка жыл сайын өсүп, 2029-жылга карата литрине 200 сомду түзөт.
- Сыра: 2025-жылы литрине 17 сомдон 2026-жылы 20 сомго чейин, 2027-жылы литрине 25 сом жана 2028-жылдан баштап литрине 30 сом.
Бул чаралар зыяндуу продукцияны керектөөнү кыскартууга, Кыргызстандын салык саясатын эл аралык саясатка жакындатууга багытталган.
2025-жылдын 5-августундагы токтом долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо боюнча бирдиктүү порталына жайгаштырылган: https://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/5113