17 мыкты өкүлгө жана уюмга CAREC 2025 «Гендердик теңчилик жана жашыл инновациялар» сыйлыгы ыйгарылды - СҮРӨТБАЯН

Фотогалерея
24-Октябрь 2025-ж.
11

Бишкек шаарында CAREC 2025 «Гендердик теңчилик жана жашыл инновациялар» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө CAREC программасына катышкан өлкөлөрдөн 17 мыкты өкүл жана уюм сыйлык менен ардакталды.

Бул сыйлык аялдардын күн энергиясы боюнча техникалык адистикке окутуу демилгеси, Борбор Азиядагы биринчи «нөлдүк калдыктар» концепциясындагы дүкөндү ачуу сыяктуу гендердик теңчилик менен экологиялык инновациялардын кесилишиндеги жетишкендиктерди таануу болуп саналат.

CAREC «Гендердик теңчилик жана жашыл инновациялар» сыйлыгы туруктуу технологиялар жана инновациялык чечимдер аркылуу гендердик теңчиликти илгерилетүүгө салым кошкон адамдар менен уюмдарды белгилейт.

Быйылкы лауреаттардын катарына жети жеке катышуучу жана он уюм кирди. Алардын иш-аракеттери инновациялар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө жана аялдардын, ошондой эле жамааттардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө кандай роль ойной аларын айкын көрсөттү.

Онлайн кайрылуу