Ош шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин алдыңкы ЖОЖнын, илимий борборлорунун жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда «Евразия тармактык университети» илимий-билим берүү консорциумунун III Форумунун пленардык жыйыны болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын начальниги Каныбек уулу Элимбек өз сөзүндө Кыргызстан илимий-билим берүү чөйрөсүндөгү интеграциялык идеяларды активдүү колдоп, ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн тарапкери экенин белгиледи. Ал өлкөнүн Биримдиктеги ишмердүүлүгүндөгү приоритеттерин белгилеп өттү — бул ортак илимий-изилдөө жана инновациялык долбоорлорду колдоо, АПКдагы илимий кызматташтыкты өнүктүрүү жана жогорку окуу жайлардын интеграциясын чыңдоо.
Каныбек уулу Элимбек Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун ЕАЭБ алкагындагы илимий кызматташтыкты өнүктүрүүдө көрсөткөн колдоосун өзгөчө баса белгилеп, бул колдоо улуттар аралык деңгээлде интеграциялык долбоорлорду илгерилетүүгө өбөлгө болуп жатканын белгиледи. Мисал катары ал 2022-жылы Бишкек шаарында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы ЖОЖдору тарабынан «Евразия тармактык университеттери» консорциумун түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлганын эске салды.
Ошондой эле ал жаштарды интеграциялык процесстерге активдүү тартуу зарылдыгын ѳзгөчө көңүл буруп, «Жаштар үчүн ЕАЭБ Модели» демилгесин сунуштады. Бул демилге жаштарга Биримдиктин органдарынын (айрыкча ЕЭК Коллегиясынын) ишин моделдөөгө, сүйлөшүү жүргүзүү көндүмдөрүн үйрөнүүгө, лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ органдарынын иштөө механизмдерин терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Пленардык сессияда заман талабына жараша кадрларды кайра даярдоо маселелери да талкууланды. Бул контекстте Евразия тармактык университеттеринин консорциуму академиялык мобилдүүлүктү ишке ашырууга жана билим берүү кызматташтыгынын жаңы форматтарын өнүктүрүүгө өбөлгө болору белгиленди.