2025-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде «Айыл Банк» ААКнун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында инновациялык төлөм системасы — «ABilling» тааныштырылды.
Аталган система төлөмдөрдү түзүүгө, каттоого жана башкарууга арналган жана уюмдардын кызматтарын QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн да камсыздайт.
Жолугушуунун жүрүшүндө #КРЭКМ карамагындагы түзүмдөр үчүн «ABilling» системасынын иштөө принциби көрсөтүлүп, анын төлөм процесстерин жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу боюнча жогорку потенциалы белгиленди.
Бул системаны ишке киргизүү мамлекеттик органдар менен жарандардын өз ара аракеттенүүсүн кыйла натыйжалуу кылууга, заманбап санариптик технологияларды колдонуу аркылуу төлөмдөрдү ыңгайлуу, ылдам жана ачык жүргүзүүгө шарт түзөт.