2025-жылдын 13–14-октябрында Алматада (Казакстан) Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламент өкүлдөрүнүн айлампа экономика маселелери боюнча Экинчи региондук диалогу болуп өттү.
Иш-чараны EU SWITCH-Asia (Policy Support Component) программасы жана Борбор Азиянын аймактык экологиялык борбору (CAREC) биргелешип уюштурду.
Диалогго Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын парламенттеринин өкүлдөрү, министрликтер, эл аралык уюмдар, эксперттер жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун негизги максаты — Борбор Азия үчүн айлампа экономика боюнча өнөктөштүктүн алкактык программасын илгерилетүү жана парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө болду. Аталган программа 2026-жылдын апрелинде өтө турган Борбор Азия экологиялык саммитинде сунушталат.
Диалогдун жүрүшүндө катышуучулар туруктуу өндүрүш жана керектөө жаатындагы улуттук жана чек аралык долбоорлорду колдоого багытталган, Кыргыз Республикасынын демилгелерин камтыган бир катар сунуштарды талкуулап, аймактык позицияларды макулдашышты.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Айлампа экономика боюнча парламенттер аралык платформаны түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумунун жаңыртылган долбоору талкууланды. Катышуучулар тажрыйба алмашууну жана мындан аркы кызматташтыкты улантууга даяр экендигин билдиришти.
Ишкерлер жана бейөкмөт уюмдардын катышуусунда өткөн өзүнчө сессияда айлампа экономиканын ийгиликтүү тажрыйбалары көрсөтүлдү. Туризм, курулуш жана агроөнөр жай тармактарында калдыктарды азайтуу, кайра иштетүү жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча чечимдер сунушталды.
Программага ылайык, делегациялар Алмата шаарындагы айлампа экономика принциптерин иш жүзүндө колдонуп жаткан объекттерге да барышты: OMIR – Алтын стандарты боюнча сертификатталган Green City турак жай комплекси жана First Recycling (Technic Destroy) заводу — Борбор Азиядагы литий-иондук батареяларды кайра иштетүү боюнча биринчи ишкана.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарында, региондук диалогко чейин #КРЭКМ имаратында өлкөдөгү айлампа экономиканын өнүгүү багыттарын аныктоого арналган улуттук жолугушуу өткөрүлгөн.
Бул жолугушуу 2025-жылдын май айында Бишкекте өткөн Биринчи региондук диалогдун практикалык жыйынтыктарынын бири болду.
Алматадагы региондук диалог Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүү жана айлампа экономикага өтүү багытындагы жалпы позицияларын бириктирүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болуп калды.