Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейттин ортосунда инвестицияга дем берүү жана өз ара колдоо боюнча Макулдашууга кол коюлду

Новости
13-Декабрь 2015-ж.
1946

2015-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Кувейтке болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейттин ортосунда инвестицияга дем берүү жана өз ара колдоо боюнча Макулдашууга кол коюлду.

Көрсөтүлгөн Макулдашууну түзүүнүн негизги максаты болуп Кувейттен инвестиция тартуу тармагында ченемдик укуктук базаны түзүү болуп эсептелет.

Бул Макулдашуу инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылуу менен капитал киргизүү менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелчиликтерди азайтуу жана инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылууга багытталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу