Кыргызстан ковролин өндүрөт: инвестициялык келишимге кол коюлду

Новости
17-Октябрь 2025-ж.
146

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү Азербайжан–Кыргыз өнүгүү фонду менен «Орион Гранд» ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге кол коюу аземине катышышты.

Келишимге ылайык, заманбап ковролин өндүрүүчү ишкананы куруу долбоорун каржылоо каралган. Бул — Кыргыз Республикасындагы өзүнүн түрү боюнча биринчи долбоор, анткени буга чейин ковролин толугу менен чет өлкөлөрдөн импорттолуп келген.

Долбоордун ишке ашырылышы өлкөдө ковролинди жергиликтүү өндүрүштө чыгарууга, импорттун бир бөлүгүн алмаштырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын чыңдоого өбөлгө болот.

Долбоордун жалпы наркы 3,2 миллион АКШ долларын түзөт, анын ичинен 1 миллион АКШ доллары Азербайжан–Кыргыз өнүгүү фонду тарабынан каржыланат.

Өндүрүш Кыргызстандын ички рыногуна гана эмес, ошондой эле Өзбекстанга, Тажикстанга, Азербайжанга жана башка өлкөлөргө экспортко багытталат.

Онлайн кайрылуу