2025-жылдын 15-октябрында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түштүк Кореянын KT&G корпорациясынын президенти Бан Кен Манг менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар KT&G компаниясынын Кыргыз Республикасына инвестицияларын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде фармацевтика, косметика жана кыймылсыз мүлк тармактарындагы жогорку технологиялык долбоорлорду талкуулашты.
Министр белгилегендей, Кыргыз Республикасы табигый ресурстарга, анын ичинде дары-дармектик чөптөргө жана ак бал сыяктуу уникалдуу продукцияларга бай болуп, бул тармактардагы өндүрүш үчүн атаандаштык артыкчылыктарын түзөт жана курулуш индустриясынын туруктуу өсүшүн көрсөтөт.
Ушуга байланыштуу Бакыт Сыдыков түштүк кореялык компанияны өлкөнүн фармацевтикалык секторуна тиешелүү өндүрүш куруу аркылуу инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн кароого чакырды.
Өз кезегинде Бан Кен Манг KT&G компаниясынын Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүн мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы этабы болуп, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын социалдык-экономикалык кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.
Маалымат үчүн:
KT&G компаниясы — 100 жылдан ашуун тарыхы бар, Түштүк Кореянын алдыңкы корпорацияларынын бири болуп саналат. Компания тамеки өндүрүшү, фармацевтика, женьшень өстүрүү, косметика жана кыймылсыз мүлк тармактарында адистешкен.