2025-жылдын январь-сентябрь айларына карата Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө кыскача экспресс маалымат (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтарынын негизинде)

Новости
16-Октябрь 2025-ж.
106

2025-жылдын башынан бери туруктуу экономикалык өсүш сакталууда. Өлкөдөгү жогорку экономикалык активдүүлүк жеке каржылоонун, ошондой эле бюджеттин каражаттарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын өсүшү, ошондой эле калктын кирешесинин өсүшүнүн эсебинен ички суроо-талаптын жогорулашы менен камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2025-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 1 240,5 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 110,0 %ды (2024-жылдын январь-сентябрында – 110,1 %) түздү. 

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: өнөр жайда өндүрүштүн көлөмү 10,3 %га, тейлөө чөйрөсүндө – 9,2 %га, курулушта – 29,6 %га, айыл чарбасында – 0,9 %га өскөн.

Экономикада түзүлгөн тенденциялардын натыйжасында номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 34,7 % ды, ал эми кызмат көрсөткөн тармактардын үлүшү 50,0 % ды түздү.

Өнөр жай2025-жылдын январь-сентябрь айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 511,4 млрд сом суммасында дүң продукция өндүрүлгөн. Өндүрүштүн көлөмү 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,2 %га өстү (2024-жылдын январь-сентябрь айларында – 4,1 %га өскөн). Алтын кендерин иштетүүчү ишканаларды кошпогондо, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 22,2 %га жогорулады. 

Өнөр жай өндүрүшүнүн 2024-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу өсүшү фармацевтикалык продукцияны (2,3 эсеге), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (40,1 %га), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (31,8 %га), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын (28,7 %га), химиялык продукциялардын (17,7 %га), кийим-кече өндүрүүнүн көлөмүнүн (8,5 %га), ошондой эле пайдалуу кендерди казуу көлөмүнүн (16,3 %га) көбөйүшү  менен камсыздалды.

Электр энергия, газ жана буу менен камсыз кылуунун көлөмүнүн 17,3 %га жогорулашы электр энергияны өндүрүүнүн өсүшү (11,0 %га) менен камсыздалды.

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки заттарды алуунун көлөмүнүн 25,9 %га көбөйүшү негизинен   сууну чогултуу, иштетүү жана бөлүштүрүүнүн өсүшү (28,2 %га)  менен камсыздалды.

Өнөр жай өндүрүшүнүн ИДПны түзүүдөгү салымы 1,7 пайыздык пунктту түздү. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө өнөр жай тармагынын үлүшү 17,5 %ды түздү.

Айыл чарба. Э2025-жылдын январь-сентябрь айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 348,4 млрд сом суммасында өндүрүлдү. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 100,9 % түздү. Айыл чарба продукциясынын дүң көлөмүнүн 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өсүшү, негизинен, мал чарба продукциясынын 3,0 %га көбөйүшү менен камсыздалды, анын ичинде эт өндүрүү 3,0 %га, сүт – 2,7 %га жана жумуртка – 6,4 %га өстү.

Өсүмдүктөрдү өндүрүү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 %га кыскарган. Буудай өндүрүү 26,7га %, арпа 30,7 %га, пахта 39,6 %га, май өсүмдүктөрү 8,9 %га кыскарган. Чүй жана Талас райондорунда сугат суунун жетишсиздигинен жана ыңгайсыз аба ырайынан улам айыл чарба өндүрүшү төмөндөгөн. Мында жүгөрү өндүрүү 8,1 %га, күрүч 11,2 %га, жашылчалар 7,4%га, мөмө-жемиштер 10,3 %га, коон 17,2%га өстү, мунун баары түштүк аймактарда сугат шарттарын жакшыртуунун жана күнөскана аянттарын кеңейтүүнүн аркасында чоң өсүштү көрсөттү.

Учурда республиканын аймагында активдүү талаа иштери уланууда. Республика боюнча дан өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянтынан 529,7 миң га түшүм жыйналды, бул жалпы айдоо аянтынын 78,0 % ын түзөт. Дан эгиндеринин дүң жыйымы 1,6 млн тоннаны түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,1 миң тоннага көп. Мында себилген аянттан буудай 246,2 миң га жыйналды, бул 6,7 миң гектарга көп, 2024 – жылга салыштырмалуу дүң жыйым 488,8 миң тоннаны түздү; 111,6 миң гектар жүгөрүдөн 9,3 миң гектар жыйналды, дүң жыйым 68,0 миң тоннаны түздү.

2025-жылдын январынан сентябрына чейинки мезгилде өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүндө түшүмдүүлүк мурдагы мезгилге салыштырмалуу азайган. Бул сугат суунун жетишсиздигине, ошондой эле үстүбүздөгү жылы айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өткөн жылга салыштырмалуу 2-3 жумага эрте жетилгендигине байланыштуу болду. Натыйжада, оруп-жыюу эрте башталды, бул мурунку мезгилдеги продукциянын көлөмүнө таасирин тийгизди.

Ички дүң продукцияны (ИДП) түзүүгө айыл чарба өндүрүшүнүн салымы 0,09 пайыздык пунктту түздү. ИДПнын өндүрүш структурасында айыл чарбасынын үлүшү 9,3 %ды түздү.

Курулуш. 2025-жылдын январь-сентябрынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 206,0 млрд сомду түзүп, 18,8 %га өстү (2024-жылдын январь-сентябрында 48,6 %га өскөн).

2024-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү ички каржылоо булактарынын (27,4 %га) эсебинен камсыздалган, ошол эле убакта тышкы булактардын көлөмү, тескерисинче, төмөндөдү.

2025-жылдын январь-сентябрында инвестициялардын негизги көлөмү (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 85 %га жакыны) пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), билим  берүү объекттеринин курулушуна, ошондой эле турак жай курулушуна багытталды.

Экономиканын капиталдаштыруунун олуттуу өсүшү төмөнкү факторлор менен шартталган: 

  • “Менин үйүм” программасынын алкагында турак жай курулушунун көлөмүнүн көбөйүшү;
  • байланыш тармактарын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого инвестициялардын көбөйүшү, анын ичинде мобилдик байланыш операторлору — ЖАК “Альфа Телеком” (MegaCom бренди) жана ЖЧК “Нур Телеком” (О! бренди) тарабынан жаңы базалык станцияларды куруу;
  • билим берүү объектилерин курууга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү;
  • Бишкек шаардык мэриясы тарабынан шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө капиталдык салымдардын көбөйүшү;
  • Спорт объектилерин курууга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү;
  • өлкөнүн туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө болгон инвестициялардын өсүшү.

Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнө жараша, 2025-жылдын январь-сентябрында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 222,9 млрд сомду түзүп, 29,6 %га көбөйдү (2024-жылдын январь-сентябрында өсүш 33,7 % болгон). 

Курулуш секторунан ИДПга оң салым 1,96 пайыздык пунктка бааланат. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө курулуштун үлүшү 7,9 %ды түздү.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү мурдагыдай эле ИДПнын түзүмүндө басымдуу үлүштү ээлеп, экономикалык өсүшкө эң чоң салымды камсыз кылууда. 2025-жылдын январь-сентябрынын жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң чыгарылышынын көлөмү 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 951,3 млрд сомду түздү жана 9,6% га көбөйдү..

Калктын акчалай кирешелеринин өсүшү (2025-жылдын январь-август айларында орточо айлык эмгек акынын номиналдык өлчөмү 19,6%га өстү; 2025-жылдын январь-сентябрь айларында пенсиянын орточо өлчөмү 14,2%га жогорулады), акча которуулардын агымынын көбөйүшү (2025-жылдын январь-июль айларында 25,8%га өстү), керектөө насыяларынын көлөмүнүн (2025-жылдын январь-август айларында 51,6%га өсүшү) ички суроо-талапка колдоо көрсөттү. Натыйжада, 2025-жылдын январь-сентябрь айларында дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы дүң көлөмү 15,5%га өсүп, 328,4 млрд сомду түздү. Дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жүгүртүүлөрүнүн 2024-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу өсүшү дүң жана чекене сооданын (17,8 %) көлөмүнүн өсүшү менен камсыздалды.

2025-жылдын январь-сентябрь айларында транспорттук ишмердиктин кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана жүктөрдү сактоонун көлөмү 85,6 млрд сом түзүдү жана 8,4 %га көбөйдү. Транспорттун бардык түрлөрү менен 42,2 млн тонна ар кандай жүк ташылган, бул 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 10,6%га көп. Ошондой эле республиканын ташуучулары тарабынан 470,9 млн жүргүнчү ташылган, бул 2024-жылдын тиешелүү мезгилине караганда 8,1 %га көп.

2024-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу мейманканалар жана ресторандар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү 2025-жылдын январь-сентябрь айларында 19,7% га өсуп, 41,0 млрд сомду түздү.

Отчеттук мезгилде маалымат жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң көлөмү 46,0 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 107,1 % түздү. 

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ИДПнын өсүүсүнө болгон салымы 4,73 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат, ал эми ИДПны өндүрүү түзүмүндөгү салыштырма салмагы 50,0 %ды түздү.

Керектөө бааларынын индекси 105,5 %ды түздү (2025-жылдын сентябрь айы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу). Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2025-жылдын январь-сентябрь айлары 2024-жылдын январь-сентябрына карата) 107,8 %ды түздү. 

Баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 6,4 %, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 5,1 %, азык-түлүк эмес товарларга - 3,3 % жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 6,3 % жогорулады.

Бул мезгилде жаңы бышкан жемиштердин (41,1 %), жаңы кармалган балыктын (13,2 %), картошканын жана өсүмдүк майларынын (12,5 %), жаңы союлган эттин (10,3 %), анын ичинен кой этинин (15,7 %), жылкы этинин (13,8 %), уй этинин (9,6 %), балдын (5,8 %), ундун (4,6 %), ак каймак майдын (4,3 %), алкоголсуз суусундуктардын (3,9 %), жаңы бышкан жашылчалардын (3,4 %), бышырылган нан азыктарынын (2,2 %) жана кумшекердин баалары (1,9 %) эң көп кымбаттады. 

Муну менен катар, тоок жумурткасынын (12,7 %), куюлуп сатылуучу сүттүн (6,5 %), малдын тоң майынын (4,4 %) жана күрүчтүн (0,9 %) бааларынын төмөндөшү белгиленди.

Быйылкы жылдын январь-сентябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (7,5 %) Ош шаарында катталды, бул алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын (10,9 %) эң көп  кымбатташы менен шартталды. Баалардын максималдуу өсүшү азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга (9,5 %) Чүй облусунда, азык-түлүк эмес товарларга (4,8 %) Ысык-Көл облусунда жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерине (9,3 %) Талас облусунда катталды. 

2025-жылдагы баа динамикасы ички суроо-талап жана тышкы факторлор (глобалдык азык-түлүк инфляциясы, логистикага дүйнөлүк баалардын өсүшү) тарабынан өсүп жаткан басымды чагылдырат.

Баалардын калыптанышына төмөнкү факторлор таасир эткен: 

  • тамак-аш азыктарына баалардын өсүшү, негизинен азык-түлүк товарларына (мөмө-жемиштерге) баалардын сезондук олку-солку болушу менен шартталган;
  • ички рыноктун ун, өсүмдүк майы жана башка азык-түлүк товарларына болгон импортко көз карандуулугу, ошондой эле дүйнөлүк тенденция (өсүмдүк майы, эт, кантка болгон баалардын өсүшү жана жогорку импорттук суроо-талап менен бекемделген) азык-түлүк бааларына таасир берүүдө. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун азык-түлүк бааларынын индекси 2025-жылдын сентябрь айында орточо 128,8 пунктту түздү, бул 2024-жылдын сентябрь айындагы көрсөткүчтөн 4,2 пунктка (3,4 %) жогору. Сентябрь айында эттин баасынын өсүшү рекорддук деңгээлге жетип, 127,8 пунктту түздү, бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 6,6 %га жогору; 
  • 2025-жылдын январь-сентябрь айларында күйүүчү-майлоочу майлардын (бензин – 8,8%, дизель – 6,3%) баасынын өсүшүнө мезгилдик суроо-талап, Россия Федерациясында экспорттун чектелиши таасир эткен (Россия Федерациясы 2025-жылдын аягына чейин өлкө ичинде тартыштыкты болтурбоо үчүн айрым мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салган. Бул Кыргызстан өзгөчө келишимдердин алкагына кирсе да, импорттук бааларга таасирин тийгизет);
  • турак жай жана курулуш материалдарынын баасынын өсүшү (+ 8-12 %) – бул суроо-талаптын жогорулашы жана курулуш материалдарынын (анын ичинде импорттолгон) кымбатташы менен байланыштуу
  • кредит берүүнүн көлөмүнүн өсүшү: 2025-жылдын январь–августунда керектөөчүлүк насыялардын көлөмү 51,6 %га көбөйгөн, ал эми 2023-жылга салыштырмалуу 2,7 эседен ашкан, бул да бааларга кошумча басым көрсөтүүдө
  • калктын инфляция боюнча жогорку күтүү деңгээли сакталып калууда. 

Баа кырдаалын турукташтыруу жана керектөө бааларынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында, 2025-жылдын 31-январынан тартып айыл чарба жаныбарларын үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого уруксат берүү токтотулган, 2025-жылдын 11-августунан тартып 90 календардык күнгө уй эти менен кой этине (сөөксүз эттен тышкары) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген, ал эми 2025-жылдын 1-октябрынан тартып көмүргө 90 календардык күнгө чектүү бааларды белгилөө менен мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Көрсөтүлгөн чаралар социалдык маанидеги товарлардын баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тышкы жана ички инфляциялык факторлордун таасирин эске алуу менен баалардын туруктуулугун сактоо максатында эсептик чендин өлчөмүн 25 базистик пунктка жогорулатып, 9,25 % деңгээлине жеткирди.

Эмгек акы. Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2025-жылдын январь-август айларында 42 648 сомду түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,6 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 10,9 %га өстү. 

2025-жылдын январь-августунда номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы 2024-жылдын январь-августуна салыштырганда экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.

Алардын эң олуттуу жогорулашы кыймылсыз мүлк операциялары (38,9 %), курулушта (36,8 %), административдик жана көмөкчү ишмердик (30,0 %), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (28,6 %), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө (28,3 %), мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги (25,5 %), мамлекеттик башкаруу жана коргоо; милдеттүү социалдык камсыздоо (25,8 %), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (20,3 %), башка тейлөө ишмердиги (21,6 %) ошондой эле пайдалуу кендерди казуу (13,9 %) чөйрөлөрүндө болду.

Тышкы жана өз ара соода. 2025-жылдын январь-август айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 9,8 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,1 %га төмөндөдү. Мында, соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү – 17,6 %ды, импорттуку - 82,4 %ды түздү.

Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмүнүн өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу төмөндөшү экспорттук жөнөтүүлөрдүн жана импорттук келип түшүүлөрдүн кыскарышына байланыштуу болду.

Кыргыз Республикасынын экспорттук берүүлөрү 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 23,7 %га азайып, 1,7 млрд АКШ долларын түздү.

Ал эми импорттолгон товарлардын көлөмү 8,1 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,2 %га төмөндөдү. Импорттун төмөндөшү үчүнчү өлкөлөрдөн товарлардын кеңири ассортиментинин, анын ичинде автомобилдердин, тиричилик техникаларынын, жабдуулардын жана фармацевтикалык буюмдардын  келип түшүү  көлөмүнүн кыскарышы менен шартталган.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-августунда 3,3 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,3 %га кыскарды. Экспорттук жөнөтүүлөр         35,7 %га азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр 10,8 %га көбөйдү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65,7%) жана Казакстанга (32,1 %) туура келди. 

Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 6,5 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,8 %га азайды. 


Онлайн кайрылуу