2025-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Кыргыз Республикасындагы Франциянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай жана Астанадагы Франция Элчилигинин аймактык экономикалык кызматынын башчысы Людовик Леа менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-француз экономикалык кызматташтыгын чыңдоо келечегин жана биргелешкен инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл шаардык жылуулук камсыздоо, саламаттык сактоо жана туризм тармактарындагы демилгелерге бурулду.