Бүгүн, 2025-жылдын 15-октябрында Чүй облусунун Токмок шаарынын өнөр жай зонасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевдин, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун жана башка расмий жактардын катышуусунда үзгүлтүксүз базальт буласын өндүрүүчү заводунун мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү.
Заводдун курулушу Токмок шаарындагы өнөр жай аймагынын 8,46 гектар аянтындагы участокто жүзөгө ашырылат. Долбоорго жалпысынан 42 миллион АКШ доллары көлөмүндө инвестиция салуу каралган.
Долбоор жылына 5000 тонна продукция чыгарууга жөндөмдүү заманбап, жогорку технологиялуу өндүрүштүк комплексти түзүүнү, 130га чейин жумуш ордун ачуу менен эл аралык стандарттарга жооп берген экологиялык жактан коопсуз технологияларды колдонууга багытталган.
Ишкана үзгүлтүксүз базальт буласын, ошондой эле курулуш, энергетика жана өнөр жай тармактарында колдонулуучу композиттик жана жылуулук изоляциялоочу материалдарды өндүрөт.
Долбоордун ишке ашырылышы өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө, импорттун ордун толтурууга, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасынын инновациялык материалдар өндүрүшүндөгү позициясын чыңдоого багытталган.
Заводду ишке киргизүү 2027-жылдын үчүнчү чейрегине пландалган.
Бул долбоордун ишке ашырылышы мамлекеттин өнөр жай саясатын жүзөгө ашыруудагы маанилүү этап болуп, композиттик материалдар жана курулуш технологиялары тармагындагы жаңы багыттардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.