Чоро Сейитов: критикалык минералдар секторун өнүктүрүү — Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири

Новости
14-Октябрь 2025-ж.
143

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү  уюмунун (ЭӨКУ, OECD) «Борбор Азияда критикалык минералдарды башкаруунун коопсуздугун жана ачыктыгын жогорулатуу» аттуу долбоору боюнча региондук семинарында билдирди.

Чоро Сейитов ЭӨКУ долбоорунун эл аралык стандарттарды киргизүүдөгү, сапаттуу инвестицияларды тартуудагы жана критикалык минералдар секторундагы институционалдык башкаруу механизмдерин чыңдоодогу маанилүү ролун белгиледи.

2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында өткөн семинар мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик чөйрөнүн жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирди.

Талкуунун негизги темалары болуп КММ секторундагы салык саясаты, жоопкерчиликтүү иш жүргүзүү стандарттары, ошондой эле өнөр жай тармагындагы экологиялык тобокелдиктерди баалоо жана азайтуу маселелери болду.

Иш-чаранын катышуучулары ачыктыкты, башкаруунун натыйжалуулугун жана аймактагы өнөр жай секторунун туруктуулугун жогорулатууга багытталган эл аралык тажрыйба жана ыкмалар менен алмашышты.

Маалымат үчүн: «Борбор Азияда критикалык минералдарды башкаруунун коопсуздугун жана ачыктыгын жогорулатуу» аттуу долбоор Улуу Британия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоор Казакстанды, Кыргыз Республиканын жана Өзбекстанды камтыйт. Анын максаты — КММ секторунун ачык, коопсуз жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу менен аймак өлкөлөрүнүн экономикалык потенциалын чыңдоо.

Онлайн кайрылуу