Бул комментарий дүйнөлүк тажрыйбага жана атаандаштык мыйзамдарынын классикалык нормаларын түшүнүүнүн негиздерине таянып даярдалган. Ошондой эле Антимонополдук органдын соттук жана ведомстволук тажрыйбасы эске алынган. Комментарий бизнес субъекттерине, судьяларга жана Антимонополдук орган кызматкерлерине бирдиктүү укук колдонуу практикасын калыптандыруу максатында пайдаланууга мүмкүн.
Бул басылма бизнес субъекттерине, Антимонополдук орган кызматкерлерине, судьяларга жана мамлекеттик кызматкерлерге, ошондой эле практикалык юристтерге, илимий кызматкерлерге, жогорку окуу жайларынын окутуучуларына, студенттерге жана Кыргызстандагы атаандаштыкты жөнгө салуу маселелерине кызыккандардын бардыгына арналат.
Комментарийди түзүүгө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Антимонополдук жөнгө салуу кызматы (Антимонополдук орган), ошондой эле Евразиялык антимонополдук ассоциациянын жана «Атаандаштыкты коргоо борбору» ААКнын белгилүү практик-эксперттери жана юристтери катышкан.