Адилет Жанузаков Туризм фондунун башкы директору болуп дайындалды: туризм тармагын өнүктүрүүгө жаңы багыт

Новости
13-Октябрь 2025-ж.
223

2025-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин — ачык акционердик коом «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун» жалгыз акциянери катары кабыл алган чечимине ылайык, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башкы директору болуп Жанузаков Адилет Канатович дайындалды.

Адилет Жанузаков 1986-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында туулган. Ал Россия Федерациясынын Коргоо министрлигине караштуу Аскер университетинин юридикалык факультетин 2009-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолу:

03.2024 — 03.2025

Кызматы: кайтаруу жана конвой кызматынын төрагасы

Уюму: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

04.2023 — 03.2024

Кызматы: Төраганын орун басары – Жаза аткаруу мекемелерин жана камактагы адамдар менен соттолгондорду коштоп жүрүү департаменти

Уюму: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы

10.2021 — 01.2023

Кызматы: Кырдаалдык борбордун директору

Уюму: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы

05.2021 — 10.2021

Кызматы: Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы

Уюму: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы

10.2020 — 05.2021

Кызматы: Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары

Уюму: Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппараты

08.2020 — 10.2020

Кызматы: Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу — Өкмөт аппараты жетекчисинин биринчи орун басарынын даражасында

Уюму: Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппараты

01.2018 — 08.2020

Кызматы: Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары

Уюму: Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппараты

03.2013 — 01.2018

Кызматы: Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору

Уюму: Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппараты

04.2012 — 03.2013

Кызматы: Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Коргоо министрлигинин системасында калуу менен кызматтык негизде жиберилген

Уюму: Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппараты

03.2011 — 04.2012

Кызматы: Укуктук камсыздоо башкармалыгынын улук офицери

Уюму: Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

10.2010 — 03.2011

Кызматы: Укуктук камсыздоо башкармалыгынын офицери

Уюму: Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

07.2009 — 10.2010

Кызматы: Командирдин укуктук иштер боюнча жардамчысы – юрисконсульт

Уюму: Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгү, Токмок шаары

09.2004 — 06.2009

Кызматы: Курсант

Уюму: Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Аскер университети, Москва шаары

Адилет Жанузаков коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар тармагында чоң тажрыйбага ээ жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыраазычылыктары жана Өкмөттүн Ардак грамоталары менен сыйланган. Ошондой эле 2022-жылы ЖККУнун «Жамааттык коопсуздукту чыңдоого кошкон салымы үчүн» медалы менен сыйланган.

Онлайн кайрылуу