Ысык-Көл аймагындагы туризм: алты жыл ичинде үч эсеге өсүү

Новости
13-Октябрь 2025-ж.
205

Туризм Кыргыз Республикасынын экономикасынын негизги тармактарынын бири бойдон калууда. Ал аймактарды өнүктүрүүдө жана жаңы жумуш орундарын түзүүдө маанилүү ролду ойнойт. Ысык-Көл облусу салттуу түрдө өлкөнүн негизги эс алуу жана туризм борбору болуп саналат.

#КРЭКМ менен 2ГИС кызматы жасаган анализдерге ылайык, 2025-жылдын август айынын аягында курорттук сезон жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл жээгиндеги туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн саны 2019-жылга салыштырмалуу үч эсеге өскөн.

2019-жылы Ысык-Көл облусунда 360 коомдук тамактануу жайы иштеген болсо, 2025-жылдагы сезон соңуна карата алардын саны 963кө жеткен.

Эң көп жайлар Караколдо — 170, Чолпон-Атада — 157, Бостериде — 142, Балыкчыда — 84.

Кафе жана ресторандардын санынын дээрлик үч эсеге өсүшү туристтердин аймактын ар түрдүү ашканасына болгон кызыгуусунун артканын жана жергиликтүү гастрономиялык туризмдин өнүгүп жатканын көрсөтөт.

Жайгаштыруу тармагында да оң динамика байкалууда. 2019-жылы региондо 627 мейманкана жана конок үйлөрү иштеген болсо, 2025-жылга карата алардын саны 1833кө жеткен.

Жайгаштыруу объектилеринин эң көбү Чолпон-Атада — 377, Бостериде — 336, Караколдо — 196, Балыкчыда — 27.

Лидердик позициясын Чолпон-Ата жана Бостери сактап, Ысык-Көлдүн негизги туристтик борборлору катары өз ордун бекемдеди.

Финансы инфраструктурасы тууралуу айта кетсек, маалыматтар туризмдеги өсүш менен катар өнүгүп жатканын көрсөтөт. 2019-жылы региондо 219 банкомат жана банктык тейлөө пункту иштеген болсо, 2025-жылы алардын саны 313кө жеткен.

Шаарлар боюнча: Каракол — 100, Чолпон-Ата — 38, Бостери — 10, Балыкчы — 40.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана 2ГИСтин биргелешкен талдоосу туризм чакан жана орто бизнестин күчтүү кыймылдаткычы болуп жатканын, аймактык экономиканын өнүгүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Ысык-Көл облусунун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүп жатканын тастыктайт.

Онлайн кайрылуу