2025-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде мамлекеттик кызматкерлер үчүн JDS 2025 Программасы боюнча маалыматтык семинар болуп өттү.
Семинардын максаты, Кыргыз Республикасындагы JICA JDS долбоорунун улук ассистенти Аида Жапарова белгилегендей, JDS Программасы жөнүндө толук маалымат берүү, квалификациялык талаптарды, тандоонун бардык этаптарын ийгиликтүү өтүү үчүн сунуштарды түшүндүрүү.