2025-жылдын 9-октябрында министр Бакыт Сыдыков Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭӨКУ, OECD) Борбор Азия боюнча долбоорунун жетекчиси Стивен Томпсон башында турган делегация менен жолукту. Ошондой эле жолугушууга Улуу Британиянын Бириккен Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен ЭӨКУ ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Талкуу региондук «Борбор Азиядагы критикалык мааниге ээ минералдарды башкаруунун коопсуздугун жана ачыктыгын жогорулатуу» аттуу долбоорунун алкагында өттү.
Айрыкча көңүл:
— салык саясатына;
— критикалык минералдар секторунда жоопкерчиликтүү иш жүргүзүүгө;
— өнөр жай тармагындагы экологиялык тобокелдиктерди баалоо жана азайтууга бурулду.
Жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого, биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө жана эл аралык алдыңкы тажрыйба менен алмашууга өз ара кызыкдар экенин тастыкташты. Максат — Кыргыз Республикасынын экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу