Кыргызстан деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү дүйнөлүк соодага санариптик интеграциялоого чакырды

Новости
08-Октябрь 2025-ж.
154

Деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан ДСУга мүчө-өлкөлөр үчүн биргелешкен жумушчу программаны иштеп чыгуу максатында, 2025-жылдын 26-сентябрында ДСУнун аянтчасында деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан ДСУга мүчө-өлкөлөрдүн (мындан ары – өнүгүп келе жаткан ДЧА өлкөлөрү) жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ДСУ маселелери боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максутов сөз сүйлөдү. 

Өз сөзүндө Нурбек Максутов өнүгүп келе жаткан ДЧА өлкөлөрү ДСУнун аянтчасында биргелешип иш алып бара ала турган көптөгөн багыттар бар экенин белгиледи. Аларга электрондук соода, санариптик соода байланыштары, кызмат көрсөтүүлөр соодасы, СФС чаралары жана товарлардын келип чыгыш өлкөсүн аныктоо эрежелери боюнча маселелер, ошондой эле алардын соодада колдонулушу кирет. Кыргыз Республикасынын өкүлү өз сөзүндө өнүгүп келе жаткан ДЧА өлкөлөрү менен биргелешкен иштин эң маанилүү багыттарынын бири - бул санариптик соода байланыштары жана транзиттик коридорлор экендигине көңүл бурду.

Кыргыз Республикасынын өкүлү белгилегендей, акыркы жылдары ДСУга мүчө өлкөлөр, анын ичинде өнүгүп келе жаткан НВМ өлкөлөрү, маалыматтар жана документтер менен санариптик алмашууга көбүрөөк өтүп жатышат. Бул болсо соода процесстеринде натыйжалуулукту жогорулатууга, чыгымдарды азайтууга, ачык-айкындуулукту камсыз кылууга жана маалыматтарга жеткиликтүүлүк менен аларды талдоону жакшыртууга багытталган. Ошентип, өзгөчө транзиттик маршруттарга катуу көз каранды болгон өнүгүп келе жаткан НВМ өлкөлөрү үчүн транспорттун ар түрдүү түрлөрүнүн ортосунда үзгүлтүксүз байланыштын жана маалымат алмашуунун сооданын натыйжалуулугун камсыздоодогу мааниси барган сайын өсүүдө. Бул жерде өлкөлөрдүн дүйнөлүк экономикага интеграцияланышында санариптик байланыштын ролу чечүүчү мааниге ээ. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасы мисал катары БУУнун СЕФАКТ долбоорун келтирди. Ал «Транзиттик соода жана транспорттук коридорлор боюнча соода жол-жоболорун санариптик жана туруктуу жөнөкөйлөтүүнү өркүндөтүү боюнча куралдар топтому» деп аталат жана ал СПЕКАнын Транскаспий ортоңку коридору боюнча Жол картасынын алкагында демилгеленген. Бул долбоордун максаты - Борбор Азия менен Кавказ аймактары аркылуу өткөн Транскаспий ортоңку коридорунун боюнда сооданын санариптик жана туруктуу жөнөкөйлөтүү процессин жакшыртуу боюнча мүчө мамлекеттерге жардам берүүчү саясаттык сунуштарды иштеп чыгуу. Мындайча санариптик коридордун мисалын келтирүү менен, Кыргыз Республикасы ДЧА өлкөлөрү үчүн биргелешип иш алып барууга мүмкүнчүлүктөр чындыгында көп экенин белгиледи. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын өкүлү 2026-жылдын март айында өтө турган ДСУнун Министрлер конференциясынын (МК-14) алкагында бардык өнүгүп келе жаткан ДЧА өлкөлөрү биргелешкен активдүү позицияны көрсөтүп, жалпы кызыкчылыктарды бирдиктүү күчтүү үн менен коргошу керектигин, ошондой эле ДЧА өлкөлөрүнүн дүйнөлүк соодага инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча биздин милдеттер үчүн жалпы чечимдерди издөөнүн үстүндө бирге активдүү иштөөгө тийиш деген пикирин билдирди.Ушуга байланыштуу, өнүгүп келе жаткан ДЧА өлкөлөрүнүн муктаждыктарына жана өнүгүү максаттарына жооп берүү максатында, Кыргыз Республикасы өзгөчө жана айырмаланган мамиле, товарлар жана кызматтар үчүн рынокторго кеңейтилген жеткиликтүүлүк, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, техникалык жардам, потенциалды жогорулатуу программалары жана башка маселелер сыяктуу багыттарда өлкөлөр арасындагы ажырымды жоюу маселелерин ДСУ аянтчасында илгерилетүү үчүн ДЧА өлкөлөрү менен күчтөрүн бириктирүүгө даяр экенин билдирди.

Онлайн кайрылуу