Кыргызстан автоунаалардын кузовдорун алып келүүгө убактылуу тыюу киргизет

Новости
07-Октябрь 2025-ж.
113

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, экономикалык туруктуулукту чыңдоо жана автоунааларды мыйзамсыз легалдаштырууга жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-жылдын 3-октябрында  «Кыргыз Республикасына автоунаалардын кузовдорун алып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө»№633-токтомду кабыл алынганын билдирет.

Буга чейин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №398 «Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу чаралары жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-мартындагы №121-токтому менен M1 категориясындагы (жеңил автоунаалар) транспорт каражаттарынын кузовдорун алып келүүгө биринчи жолу убактылуу тыюу салынган. Жаңы №633-токтом менен бул чаранын мөөнөтү дагы алты айга узартылды.

Убактылуу тыюунун мөөнөтүн узартуу чечими, айрым жарандар кузовду алмаштыруу деген жүйө менен автоунаалардын каттоо маалыматтарын өзгөртүп, натыйжада бажы тариздөөдөн өтпөгөн автоунааларды мыйзамсыз түрдө легалдаштырууга алып келген учурлардын көбөйүшүнө байланыштуу кабыл алынды. Ошондой эле, ар кандай тетиктерден чогултулган, техникалык жана укуктук талаптарга жооп бербеген «конструктор» автоунаалардын пайдалануу учурлары аныкталган.

Бул токтомду ишке ашыруу бажы жана салык төлөмдөрүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, автоунаалардын көмүскө жүгүртүүсүн кыскартууга, алардын эксплуатациясынын коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдиги алдындагы эл аралык милдеттенмелерине улуттук процедураларды шайкеш келтирүүгө өбөлгө түзөт.

Онлайн кайрылуу