«Регулятордук гильотина» реформасынын алдын ала жыйынтыктары каралды

Новости
06-Октябрь 2025-ж.
276

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Гүлшат Асылбаева жетекчилик кылган мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү мүнөздөгү документтерди инвентаризациялоо жана баалоо боюнча Комиссиянын жыйыны болуп өттү. Комиссия дебюрократташтыруу реформасынын алкагында түзүлгөн.

Жыйында #КРЭКМ «регулятордук гильотина» реформасын ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктарын сунуштады. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 552-р токтомун аткаруу максатында жүргүзүлдү.

Аткарылган иштин негизги максаттары:

•  документтердин кайталануусун жана майдалоосун жоюу;

•  эскирип калган жана колдонулбай калган формаларды алып салуу;

•  окшош уруксаттарды бириктирүү;

•  процедураларды санариптештирүү жана жөнөкөйлөтүү;

•  жаңы мыйзамдарга жана эл аралык милдеттемелерге шайкеш келтирүү.

Жыйынтыгында уруксат берүүчү документтердин жалпы саны 905төн 496га чейин кыскарып, бул 45,2%дан ашык оптимизацияны түздү. Мындан тышкары, бизнес-коомчулуктан түшкөн 16 документ боюнча сунуштар эске алынып, күчүн жоготту деп таануу сунушталган НПАлардын тизмесине киргизилди.

Даярдалган документтер топтому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүү үчүн жөнөтүлөт. Бекитилгенден кийин КР ЭКМ айрым уруксат берүүчү документтерди жокко чыгарууну караган Кыргыз Республикасынын Президентинин Жобосунун долбоорун иштеп чыгат.

Калган документтерди жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу чаралары мамлекеттик органдар тарабынан өз ыйгарым укуктарынын алкагында аткарылып, туруктуу мониторинг КР ЭКМ тарабынан жүргүзүлөт.

Онлайн кайрылуу