Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү TPS-OIC Соода сүйлөшүүлөрү комитетинин жыйынына катышты

Новости
03-Октябрь 2025-ж.
353

2025-жылдын 1–2-октябрында Анкара шаарында Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин артыкчылык соода тутумун (TPS-OIC) өнүктүрүүгө арналган Соода сүйлөшүүлөрү комитетинин (TNC) жыйыны болуп өттү. Жыйынга Түркия Республикасы төрагалык кылды.

Иш-чарага ОИКтин Башкы катчылыгы, TNC катчылыгы, СОМСЕКтин Координациялоо башкармалыгы, Ислам сооданы өнүктүрүү борбору (ICDT), Статистикалык, экономикалык жана социалдык изилдөөлөр борбору (SESRIC), Ислам өлкөлөрүнүн стандарттар жана метрология институту (SMIIC), ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин делегация башчылары катышты.

Кыргыз Республикасын бул жыйында Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү таанытты.

Иш-чараны Түркия Республикасынын соода министринин орун басары Махмут Гюрджан ачып берип, жумушчу сессияны министрликтин Башкы директору Хюсню Дилемре алып барды.

Жыйында TPS-OIC системасын натыйжалуу ишке киргизүү, тарифтик преференциялардын жаңыртылышы, SMIIC стандарттарын интеграциялоо жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода байланыштарын кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле товар жүгүртүү жана кызмат көрсөтүү, инвестициялар, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, талаш-тартыштарды жөнгө салуу жана бажы кызматташтыгын өнүктүрүү багыттары каралды.

Жыйынтыгы боюнча тараптар TPS-OIC системасын кеңейтүү процессин 2026-жылдан тартып баштоо боюнча макулдашышты. Мындан тышкары, мүчө мамлекеттер COMCEC TPS-OIC электрондук платформасын активдүү колдонууга чакырылды, бул маалымат алмашууну жакшыртууга жана өз ара аракеттенүү механизмдерин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Онлайн кайрылуу