2025-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Тумановдун жана КР БУУ системасынын Туруктуу координатору, ошол эле учурда Өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин (КСПР) теңтөрагасы айым Антье Гравенин төрагалыгы алдында жашыл экономиканы илгерилетүү маселелерине арналган мамлекеттик түзүмдөрдүн жана эл аралык өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн экологиялык жактан таза технологияларды киргизүү, энергияны үнөмдөө деңгээлин жогорулатуу жана «жашыл» инвестицияларды тартуу боюнча стратегиялык багыттарын аныктаган 2029-жылга чейин Жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы жана анын ишке ашыруу планы каралды.
Мындан тышкары, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору Гульназ Супаева туруктуу өнүгүү тармагында мамлекеттик органдарга илимий негизделген чараларды иштеп чыгууда көмөктөшүүгө багытталган Экономикалык моделдөө жана талдоо борборун тааныштырды.
Жолугушуунун катышуучулары Программаны ишке ашырууга колдоо көрсөтүшүп, улуттук жана глобалдык туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө өнөктөштүктүн жана аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилешти.