Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда продукциянын коопсуздугу жана метрология жаатында кызматташуунун келечеги талкууланды

Новости
01-Октябрь 2025-ж.
321

2025-жылдын 30-сентябрында, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги менен Түркия Республикасынын соода министрлигинин продукциянын коопсуздугу жана рынокко көзөмөл жүргүзүү чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандумун ишке ашыруу алкагында (2024-жылдын 5-ноябрында кол коюлган), КРнын ЭКМнин орун басары Медербек Туманов ТР СМнин продукциянын коопсуздугу жана инспекция боюнча башкы башкармалыгынын башкы директору Хакки Караборклю мырзанын жетекчилигиндеги түрк делегациясы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар техникалык жөнгө салуу, аккредитация, шайкештикти баалоо жана метрология тармактарындагы өз ара кызматташууну чыңдоого байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Айрыкча продукциянын коопсуздугун көзөмөлдөөнүн улуттук системаларын шайкештештирүү, тажрыйба алмашуу жана рынокко көзөмөл жүргүзүүдөгү мыкты практикаларды пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгилешти, анын ичинде: продукциянын коопсуздугу жана инспекция тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү;  эки өлкөнүн адистери үчүн биргелешкен тренингдерди, семинарларды жана стажировкаларды уюштуруу.

Жолугушуунун алкагында ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу системалары тааныштырылып, бул эки өлкөнүн адистерине тажрыйба алмашууга жана мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого шарт түздү.

Жолугушууга катышкандар бул тармактардагы кызматташууну тереңдетүү өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшүнө гана эмес, ошондой эле Кыргызстандын жергиликтүү өндүрүүчүлөрүнүн Түркия Республикасынын рыногуна кеңири чыгышына өбөлгө түзөрүн, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана Кыргызстандын эл аралык рыноктогу позицияларын бекемдөөгө жардам берерин белгилешти.

Онлайн кайрылуу