Кыргызстан "ИННОПРОМ. Беларус 2025": экспорт үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Новости
01-Октябрь 2025-ж.
161

29-сентябрдан 1-октябрга чейин Минск шаарында «ИННОПРОМ. Беларусь 2025» эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өтүүдө. Кыргыз Республикасынын улуттук коллективдик экспозициясы Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору тарабынан уюштурулду.

Улуттук павильон көргөзмөнүн маанилүү бөлүгү болуп, жүздөгөн өндүрүүчүлөр, дистрибьюторлор жана тармактык адистер менен байланыш түзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берди. Экспозицияда Кыргызстандын он компаниясы машина куруу, электроника, курулуш материалдары жана жеңил өнөр жай продукциясын сунуштап жатат.

Көргөзмөнүн алгачкы күнүндө Кыргызстандын улуттук павильонуна ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана өнөктөш мамлекеттердин лидерлери келишти: Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчин; Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин; Азербайжан Республикасынын премьер-министри Али Асадов; Казакстан Республикасынын премьер-министри Олжас Бектенов; Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода; Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов; Иран Ислам Республикасынын Өнөр жай, кендер жана соода министри Сейед Мохаммад Атабак; Куба Республикасынын Өнөр жай министри Элой Альварес Мартинес. Делегацияны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы- Президенттин Администрациясынын башчысы Адылбек Касымалиев коштоп жүрдү.

Коноктор оор жана жеңил өнөр жай тармактарындагы экспонаттардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн белгилеп, бул багыттарда кызматташтыктын келечегине токтолушту. Ошондой эле Свердлов облусунун губернатору Денис Паслер улуттук стендди зыярат кылып, ТНК «Дастан» жабдууларына өзгөчө кызыгуусун билдирди.

«Кыргыз Экспорт» борборунун директору иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп: «Өлкө лидерлеринин жана региондор өкүлдөрүнүн келүүсү кыргыз продукциясынын жогорку потенциалын ырастап, экспортту кеңейтүү жана эл аралык байланыштарды чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», – деп баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын «ИННОПРОМ. Беларусь 2025» көргөзмөсүнө катышуусунун негизги максаттары – Made in Kyrgyzstan брендин жайылтуу, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү.

Онлайн кайрылуу