Борбордук Азиянын аял-лидерлеринин BeWoman форуму өттү

Новости
01-Октябрь 2025-ж.
174

2025-жылдын 26-сентябрында Алматы шаарындагы Республика сарайында дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн 3 000ден ашуун катышуучуну бириктирген эл аралык Be Woman 2025 форуму болуп өттү. Форумдун аянтчасында лидерлик, туруктуу өнүгүү (ESG), саламаттык, экология жана өнөктөштүк маселелери талкууланды.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Гүлшат Асылбаева баяндама жасап, аялдар ишкердигин жана социалдык ишкердикти өнүктүрүү мамлекеттик экономикалык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп өттү. Ошондой эле аялдарды жана жаштар ишкердигин мамлекеттик колдоонун чаралары, аялдар ишкерлигинин статусун мыйзамдык деңгээлде бекитүү маселелери тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинети аялдар ишкердигине жана социалдык долбоорлорго багытталган жеңилдетилген каржылоо программаларын ишке ашырып жаткандыгы, ошондой эле аялдардын билим берүү жана санариптик ресурстарга жетүүсү активдүү кеңейип жатканы белгиленди.

Өзгөчө, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу баса белгиленип, өлкө тарыхында алгач ирет Жогорку Кеңеште аялдардын квотасы мыйзамдуу түрдө бекитилгендиги белгилүү болду.

Be Woman 2025 форуму Борбордук Азиядагы негизги диалогдук аянтча катары өз макамын дагы бир жолу тастыктап, анда лидерлер, адистер, санариптик трансформация, кызматташтык жана аялдардын лидерлиги багыттарында тажрыйба алмашып, чечимдерди иштеп чыгуу үчүн чогулушту.

Онлайн кайрылуу