Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги эмгек ардагерлерин сыйлады

Новости
01-Октябрь 2025-ж.
203

2025-жылдын 1 - октябрында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги эмгек ардагерлерин эл аралык карылар күнү менен куттуктады.

Министр Бакыт Сыдыков Министрликтин атынан кары-картаңдарды, пенсионерлерди жана ардагерлерди куттуктап, 50дөн ашык пенсионерлерге белектерди тапшырды.

Ал өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Министр алардын тажрыйбасы жана билими мамлекеттин келечеги үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

"Сиз Акылмандыктын жана жоопкерчиликтин үлгүсүсүз. Сиздин жашоо жолуңуз бизди шыктандырат. Сиздерге чың ден — соолук, узун өмүр жана жакындарыңыздан жылуулук каалайм", - деди министр.

Онлайн кайрылуу