Чунцин шаарында кытай компанияларынын өкүлдөрү менен бизнес-жолугушуу уюштурулду

Новости
30-Сентябрь 2025-ж.
231

26-сентябрда Чунцин шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин Кытайдагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан кытай компанияларынын өкүлдөрү менен бизнес-жолугушуу уюштурулду.

Бизнес-жолугушууга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты.

Султан Ахматов өзүнүн сөзүндө Министрлер Кабинети тарабынан инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, өлкөнүн энергетикалык жана туристтик потенциалы жөнүндө да белгилеп өттү.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучуларына Соода өкүлчүлүгүнүн кызматкери инвестициялык климат тууралуу кеңири маалымат берип, анын ичинде салыктык режимдерди, инвестициялык долбоорлорду жана Европа Биримдигинин ВСП+ преференциялык статусу (6200 товар боюнча), ошондой эле АКШнын ВСПсы (3500 товар боюнча) тууралуу презентация жасады.

Ошондой эле, «Мамлекеттик каржылык холдингдин» башкармалыгынын төрагасы Элдияр Доолбеков Холдингдин ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берип, Кытайдын Айыл чарба банкынын (ABC Bank) филиалы менен кызматташтык тууралуу Меморандумга кол койду.


Онлайн кайрылуу