"Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык борборунун" салтанаттуу ачылышы болду

Новости
30-Сентябрь 2025-ж.
200

26-сентябрда Чунцин шаарында "Кыргыз-Кытай (Чунцин) соода-экономикалык кызматташтык борборунун" салтанаттуу ачылышы болуп өттү, ал Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан расмий түрдө авторизацияланган. 

Борбордун аянты 300 чарчы метрди түзөт. 

Иш-чарага КР ЭКМнин орун басары Султан Ахматов катышты. 

Бул борбор кыргыз-кытай бизнес-коомчулугу үчүн платформа катары кызмат кылат, ошондой эле аталган борбордун аймагында кыргыз ишкерлери өз компанияларын каттап, ишмердүүлүгүн акысыз жүргүзө алышат.өз компанияларын каттап, ишмердүүлүгүн акысыз жүргүзө алышат.

Онлайн кайрылуу