Кыргызстан менен Беларустун соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча 2030-жылга чейинки жол картасына кол коюлду

Новости
30-Сентябрь 2025-ж.
3130

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Беларусь Республикасына расмий визитинин алкагында өлкөнүн жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын алкагында эки тараптуу өз ара аракеттенүү, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Сапардын негизги жыйынтыгы болуп 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасына кол коюлду.

Жол картасына кол коюу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы перспективаларды ачат, соода жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.