2025-жылдын 29-сентябрында КР экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Гүлшат Асылбаеванын төрагалыгы алдында ак ниет ишкерлеринин Реестрине киргизүү үчүн ишкерлерди тандоо жүргүзүлдү боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары –ведомстволор аралык комиссия) отуруму болуп өттү.
Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна ишкерлерден 48 арыз келип түшкөн.
Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунун жүрүшүндө айрым компаниялардын арыздары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 26-декабрындагы 2022-жылдын 715-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө” Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбегендигине байланыштуу четке кагылган.
Реестрге киргизилген компаниялардын тизмеси Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин жана КРнын соода-өнөр жай палатасынын сайттарында жайгаштырылат.
Реестрге киргизилген ишкер төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телеканалдарында медиа-жарнама үчүн мамлекеттик телеканалдар менен макулдашылган медиа-план боюнча акысыз эфир убактысын алат;
2) салыктык кызмат көрсөтүүлөрдү кезексиз алат;
3) Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык көргөзмөлөргө, жарманкелерге, форумдарга акысыз катышат;
4) Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизилген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо, мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан үч жылга текшерүүлөрдөн бошотулат;
5) мамлекеттик кредиттерди берүү программаларын ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген каржылоо алат.