Чунцин шаарында Кыргыз Республикасынын «Соода павильонунун» салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү

Новости
30-Сентябрь 2025-ж.
342

26-сентябрда Чунцин шаарында Кыргыз Республикасынын «Соода павильонунун» салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Ал КР ЭКМ министрлигинин Кытайдагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан расмий түрдө авторизацияланган.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты.

Соода павильонунун аймагында жыл бою улуттук продукциялар – бал, алкогольдук ичимдиктер, кондитердик азыктар, кол өнөрчүлүк буюмдары жана башка товарлар сатыкка чыгарылат.

Өзгөчө популярдуулукка кыргыз балы кошулган автордук кофейлик суусундуктар жана кытай чайлары ээ болууда, аларды Чунцин шаарындагы Соода павильонунда даамдап көрүүгө болот.

Онлайн кайрылуу