Көмүрдүн бааларынын жогорулашуусуна жол бербөө, калктын бааларга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Баа түзүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык, КРнын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 «Социалдык маанилүү товарлардын бааларын мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна жана КРнын экономика жана коммерция министрлигинин буйругуна ылайык, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып КРнын аймагында көмүрдүн бааларын 90 календардык күнгө убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет жана максималдуу баалар белгиленет.
КР ЭКМне караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык маанилүү товарлардын бааларын мамлекеттик жөнгө салуу тартибинде мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөл боюнча чараларды көрөт, башкача айтканда көмүрдүн максималдуу бааларын белгилейт.
Көмүрдүн бааларын убактылуу жөнгө салуу жылытуу мезгилине киргизилип, катуу меш күйүүчү отун рыногундагы абалга жараша узартылышы мүмкүн.
Бул буйрук баа абалын көзөмөлдө кармап турууга, жылытуу мезгилинде отундун бааларынын спекулятивдик өсүшүнө жол бербөөгө, калкка көмүрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана аймактарда отун базарын туруктуу кармоого мүмкүнчүлүк берет.